ДҮЛӨЙЛҮК
ДҮЛӨЙЛҮК – кулактын укпай калышы же өтө начар угушу. Мында катуу үндү (ышкырык ж. б.) же кулактын түбүнө кыйкырып сүйлөгөн тааныш сөздөрдү гана жакшы угат. Д-тө эки кулагы тең же бир жагы укпай калат. Бир кулагы укпагандар көбүрөөк кездешет. Эки кулагы тең укпагандар атайын сурдол. жардамга муктаж болушат. Анын тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса түрү тукум куума болушу ыктымал, кош бойлуулардын ар түрдүү жугуштуу оорулар м-н оорушу же алкоголь ичимдиктерин ичкенде, баланын кызылча, грипп, паротит м-н оорушу, о. эле резус-фактор шайкеш келбегендиктен да келип чыгышы мүмкүн. Кийин пайда болгон Д-кө кээ бир жугуштуу ж. б. оорулар же кулактын кырсыкка чалдыгышы алып келет. О. эле кесип зыяндуулугу (ызы-чуу, дирилдөө), металл буулары (мис., коргошун, сымап, мышьяк) м-н уулануу да себеп болот. Бала сүйлөй баштаганда (3 жашка чейинки) кулагынын укпай калышы дудук-дүлөйлүккө алып келиши мүмкүн. Д. капысынан же бара-бара пайда болушу ыктымал. Капысынан болгон Д-кө мээге кан куюлуу же ички кулакты кан м-н жабдуучу кан тамырлардын бүтөлүп калышы, артерия басымынын кескин өзгөрүшү, баштын кырсыкка чалдыгышы, өтө уулануу себеп болот. Д. отосклероздо, мээ кан тамырынын атеросклерозунда ж-а кесип зыяндуулугунун натыйжасында бара-бара пайда болот. Анын эң алгачкы белгиси – кулак чуулдоо. Угуунун төмөндөшү өтө жай жүргөндүктөн, укпай калганда гана сезилет. Ошондуктан Д-тү пайда кылуучу ооруну өз убагында дарылоо зарыл. Алдын алууда балдардын угуусун текшерип туруунун мааниси чоң. Дарылоодо ар кандай хирург. операция колдонулат. Ж. С. Сулайманов.