ДҮЛӨЙ ЧАЛКАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДҮЛӨЙ ЧАЛКАН (Zamium) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Бир жылдыктарынын тамыры ичке. Сабагы тамырынан чачырап өсөт, сейрек түк м-н капталган. Көп жылдыктарынын тамыр сабагы сойлоп өсөт. Жалбырагы тегерек, жүрөк сымал же бөйрөк сымал, чети терең кесилген. Түктүү, төмөнкүлөрү узун саптуу, жогоркулары сабаксыз. Гүлдөрү сабакты айлана топтошуп жайгашкан, кызгылт ж-а ак түстө. Мөмөсү жумуртка сымал, үч кырдуу, жиктүү, жаңгакча. Кээси бакчаларда, айрымдары бадалдардын, токойлордун арасында, капчыгайларда, таштын коңулдарында өсөт. О. Азияда, Алтайда, Жуңгар Ала-Тоосунда таралган, КМШ өлкөлөрүндө 15тей түрү, Кырг-нда 2 түрү кездешет. М. М. Ботбаева.