ДҮМПҮЛДӨК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮМПҮЛДӨК – элдик оюн. Оюнду жаштар түнкүсүн ойнойт. Шарт б-ча эки топко бөлүнүп, тутум б-ча аныкталган коргонуучу тарап атайы ала келишкен кийиз, кийимдерин калыңдай жамынып, бир жерге чогуу, тыгыз жатышат. Аркандын бир учун жаткандардын бирөө кар­майт. Күчтүү, күлүк, шамдагай бирөөсү сакчы (сары айгыр) болуп, аркандын экинчи учун кар­маган бойдон, коё бербей чогулуп жаткан өнөк­төрүн тегерене чуркап туш-туштан келип чабуу­га аракеттенген атаандаш тарапка чаптырбай коргоого, ошол эле убакта аркан жеткен жерге чейин кууп барып, каршы жактын бирөөсүн кармап калууга аракеттенет. Сакчы бир жагын кубалаганча, беркилери экинчи жагынан келип эшкен жоолугу же куру м-н сакчынын өнөктөрүн чаап кетип турушат. Экинчи тараптагылардын бирөө сакчынын колуна түшсө, ал тарап корго­нууга өтөт. И. Молдобаев.