ДҮМҮР КАЗГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮМҮР КАЗГЫЧ – дүмүр казып чыгаруу, чоң таштарды кыртыштан бошотуп алуу, а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн жерлерди өздөштүрүү ж-а жол салуу, жаңы жерлерди дарактардан ж-а бадалдардан тазалоо, жол ж-а кургатуучу канал даярдоо ж. б. жумуштарда колдонулуу­чу машина. Д. к-тын тартуучу арканы (лебед­ка, аркан түзүлүштөрү), о. эле тартуу же түртүү күчүнүн ж-а көтөрүү күчтөрү же көтөрүү күчтөрү м-н тартуу күчтөрүнүн биригишинин натыйжа­сында сууруп алуучу тиштүү жумушчу бөлүгү болот. Анын тракторго асылма, чиркелме же өзү жүрүүчү түрлөрү бар. Көбүнчө асылма-трак­тордун түртүү күчүнүн аркасында дүмүр казып чыгаруучу Д. к. колдонулат. Мындай Д. к. ра­мадан, тиштүү жумушчу бөлүктөн ж-а көтөрүүчү механизмден турат. Казуу убагында тиш дүмүр­дүн астына тереңдеп кирип, трактордун күчү м-н аны түртүп жылдырат ж-а бир эле убакта өйдө көтөрөт. Жумушчу органдары (негизинен алмашылма) лебедканын же трактордун гидро­системасынын жардамы м-н кыймылга келет. 11*


Алуу кеңдиги 1,2—1,4 м болгон Д. к-тар чыга­рылат, жумушчу бөлүгү 700 ммге чейин терең­диктеги кыртышты сүрө алат.