ДҮПКҮР–КАМБАР-АТА КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮПКҮР–КАМБАР-АТА КАПЧЫГАЙЫ Ички Теңир-Тоодо. Түштүгүнөн Орто-Тоо (бийикт. 2020 м), Көгирим-Тоо (3323 м), чыгышынан Молдо-Тоо, түндүгүнөн Сары-Камыш, Куча, Сан­таш, Суук-Дөбө (3453 м) тоолору, о. эле тектон. жарака м-н чектешет. Токтогул ж-а Тогуз-Торо р-ндорунун аймагында. Уз. 110 км, туурасы 1– 2 кмден 5 кмге чейин; таманынын деңиз деңг. бийикт. баш жагында 1200 м, этегинде 900 м. Капчыгай түштүктөн түн.-батышты карай созу­луп, геоморфол. жактан экиге бөлүнөт: баш жагы меридиан багытындагы антецеденттик өрөөн; экинчи бөлүгү Көкөмерендин чатынан Камбар-Атанын чатына чейин кеңдик багытта созулат; мында Нарын д. терең синклинорий­дин таманы м-н өтүп, батышты карай кескин бурулат да, нугу кууштап ийри-буйру агат. Да­рыя түпкү тоотектерди кесип өткөн жерлерин каньон, капчыгай, шаңшаарлар, аскалуу тик жээктер, жайык бөлүктөрүн тектирлер ээлейт. Капчыгай да негизинен гранит, кумдук, конг­ломерат, мергель, сланец, акиташ теги, алевро­лит, андезиттүү порфирит ж. б. тоотектер жа­тат. Капчыгайдын аймагында Нарын д-на Көкө­мерен, Тоолук (оң куймалары), Жоон-Терек, Ту­рук, Кайыңды, Камбар-Ата (сол) суулары куят. Жарым-Чөл (1250 м бийиктикке чейин) кургак талаа ж-а бадал (1200–1500 м), айрым жерле­ринде бадал өсүмдүктөрү, сейрек токой (арча-ка­рагай) аралаш шалбаалуу талаа (1500–2300 м) ландшафты басымдуу. Капчыгай гидротех. ку­рулмаларга өтө ыңгайлуу; төмөнкү бөлүгүндө Камбар-Ата ГЭСи курулууда (2008).