ДҮҢ CООДА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДҮҢ CООДА – товарларды ж-а кызмат көрсөтүүлөрдү алып сатуу же профессионалдык пайдалануу максатында сатып алуучуларга сатуу б-ча ишмердик. Ишканалардын ортосундагы байланышты ишке ашыруучу товар жүгүртүүнүн формасы, ички сооданын курамдык элементи; товар жүгүртүүнүн баштапкы стадиясы‚ б. а. товардын өндүрүшчүдөн чекене соода ишканасына чейин же продукцияны керектөөчү ишканага чейин айланышы. Д. с-га а. ч. продуктуларын ж-а сырьёлорду сатып алуу ж-а сатуу да кирет.