ДӨБӨ-КОРГОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДӨБӨ-КОРГОН – 9–12-кылымдарга таандык шаар калдыгы. Араван суусунун сол жээгинде, азыркы Дөбө-Коргон айылынын батыш тарабындагы Мазар-Дөбө шаарчасынын түштүк жагында жайгашкан. Дөбө-Коргондун түштүк бөлүгү жогору көтөрүлүп турат. Археологиялык казуу учурунда орто кылымдарга таандык карапа идиштер табылган. Бул эстеликти 1957-жылы археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген.