ДӨҢГӨЛӨК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨҢГӨЛӨК – окто айлануучу тегерек диск же чабактуу алкак. Дөңгөлөк окту тегеренип эркин же ага бекитилип, ок м-н кошо айланат да, айлануу кыймылын берет же айлануу кыймылын баш­ка кыймылга өзгөртөт, ал эми транспорт кара­жатында болсо кыймылдын каршылыгын азай­тат. Алгачкы Дөңгөлөк жаргылчакта (кол тегирменде) дан майдалоо үчүн колдонулуп, эки тегерек те­гирмен ташынан турган. Алгачкы Дөңгөлөк жыгач ке­синдилеринен же үч пластинадан жасалган. Чабактуу Дөңгөлөк алгач б. з. ч. 2-миң жылдыкта бири­биринен алыс аралыкта жайгашкан Скандина­вия, Кытай ж-а Месопотамия аймактарында жа­салган. Байыркы арабаларда Дөңгөлөк окто айланган же окко бекем бекитилип, аны м-н чогуу айлан­ган. Орто кылымда Европада Дөңгөлөк күпчөктөн ж-а дубдан жасалган чабактардан турган. Анын бышыктыгын жогорулатып, жешилишин азай­туу үчүн темир алкак кийгизилген, ал кийин транспорт машиналарында шина м-н алмашыл­ган. Алгачкы чабактуу жеңил Дөңгөлөк 1808-жылы жа­салып, чабактар алкак м-н күпчөктүн ортосуна радиус б-ча жайгашкан, бирок кийинчерээк кай­чылаш жайгаштырылган тангенциалдык чабак­тар сунуш кылынган. Бул анын бышыктыгын жогорулаткан. Буу локомотивдеринде шире­тилген темир Дөңгөлөк колдонулган. Автомобилде азыркы учурда штампталган болот же куюлган алюминий дисктүү Дөңгөлөк пайдаланылат. Туташ ре­зинадан жасалган шина 1890-жылы пневматика­лык м-н алмаштырылган. Азыр Дөңгөлөк көпчүлүк ма­шинада айлануу тездигин ж-а кыймыл багы­тын өзгөртүү, горизонталь октон тик окко (же тескерисинче) кыймыл берүү (тасмалуу ж. б. кыймыл бергичте) үчүн колдонулат.