ДӨҢ-БУЛАК (шаар калдыгы)
ДӨҢ-БУЛАК – антикалык доорго (биздин заманга чейинки II кылымга) таандык шаар калдыгы Өзгөн районундагы Жазы суусунун сол жээгинде, Өзгөн шаарынан 5 км чыгыш тарапта, Дөң-Булак кыштагынын жанында жайгашкан. Шаар Улуу Жибек жолунун угуна чеп катары курулган. Аянты 900х970 м. Түндүк бөлүгүндө аянты 90х50 м сепили бар, анын үч тарабы терең аң менен курчалган, түштүк жагынан гана кирүүгө болот. Археологиялык казууларда калыңдыгы 10 мдей маданий катмар ачылган. Ал жерден ар кайсы доорлорго таандык карапа идиштердин сыныктары, сөөктөн, таштан жасалган буюмдар табылган. Карапа идиштердин жасалыш технологиясында Шоро-Башат, Мархамат маданияттарына, Касан, Кожогарын, Белес- Мазар сыяктуу соңку орто кылымдын эстеликтери менен окшоштугу бар.

С. Эралиев.