ДӨҢ-БУЛАК (Өзгөн районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ДӨҢ-БУЛАК 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨҢ-БУЛАК – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу. Жазы суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1015 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 4 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара- Суу темир жол бекетинен 50 км. Кыштак 1930-жылы орношкон. Калкы 3418 (2022); негизинен дыйкан­чылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры Ш. Санжаров туулган.