ДӨӨЛӨС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨӨЛӨС – кыргыз уруусунун аталышы. Кыр­гыздарын ичкилик уруу бирикмесине кирет. Айрым маалыматтарда Дөөлөс уруусу кыргыздын оң, сол ж-а ичкилик уруулук бирикмелерине кир­бей, өз алдынча уруулардын бири катары да бе­рилет. Санжыраларда бул уруунун пайда болу­шу жөнүндө атайын генеалогиялык уламыштар сакталган эмес. Тарых булактарында Дөөлөстүн байыркы уруулук бирикмелерден түзүлгөндүгүн көргөзгөн фак­тылар кездешет. Азыркы кыргыз урууларынын курамында бул уруу орто кылымдардан бери эле этностук компонент катары жашап келгенди­гин 16-кылымда жазылган «Мажму ат-таварих» чы­гармасындагы кыргыз урууларынын санжыра­сында берилгендиги ырастайт. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде Дөөлөс уруулук теги орто кылымдагы түрк­төрдүн «теле» уруусунун конфедерациясы м-н байланышат ж-а алардын алтайлык уруулар­дын тобу м-н жакындыгы бар. Дөөлөс уруусунун ку­рамына кирген уруктар «ай тамга» ж-а «кош тамга» деген эки топко ажырашат. «Ай тамга­ны» – шалендер, дукун, буйга, толуман (чулум кашка), ак эчки, ж. б., ал эми «кош тамга» тобун шарон, керей, мүркүт, меркит, бөлтүрүк, качканак атанган уруктар түзөт. Көрүнүп тур­гандай, өткөн тарыхый мезгилдерде Дөөлөс башка уруу топтору м-н аралашып турушкан. Мисалы, керей (кереит), меркит, мүркүт (бүркүт) сыяк­туу уруктар орто кылымдарда Борбордук Азиядагы сая­сий аренада белгилүү орундарды ээлешкен түрк-моңгол тилдүү көчмөн этностордун аты м-н аталып, алардын өз ара этностук катышы болгонун далилдеп турат. Дөөлөстүн басымдуу көпчүлүгү Түштүк Кыргызстандагы Араван, Кадамжай, Ноокат райондоруна караштуу аймактарда туру­шат. Ал эми бул уруунун майда топтору На­рын, Ысык-Көл, Чүй облустарында ж-а Кытай м-н Өзбекстандагы кыргыздар арасынан да жолугат.

Р. Жолдошов.