ДӨӨЛӨТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨӨЛӨТ (арабча давля, давлят) – 1) байлык же­тиштүүлүк, молдук. Дөөлөт «тагдыр», «буйрук» түшү­нүктөрү менен тамырлаш. Кыргыздар: «Эр жигит­ке Дөөлөт үч жолу келет экен»,– деп коюшат. Аны көтөргөн (баалаган, баркына жеткен) бар, көтө­рө албаган бар. «Мээнет – жалпак, Дөөлөт – того­лок» делет ылакапта. Мээнет (эмгек, аракет) качпайт, ал эми Дөөлөт аны кармай албагандан ка­чат; 2) мамлекет (держава, империя маанисин­де); 3) философияда: аксиология (баалуулуктарды кастарлоо) жөнүндөгү түшүнүк. Дөөлөт.– кымбат, асыл, баалуу, барктуу нерсе. Мисалы, улуттук Дөөлөт, эсте­тикалык Дөөлөт.