ЕВКЛИД ГЕОМЕТРИЯСЫ
ЕВКЛИ́Д ГЕОМЕТРИЯСЫ – Евклид системага салган геометрия. Ал аксиомалар системасынын жардамы м-н сүрөттөлүүчү мейкиндик геометриясы. Евклид геометриясын сүрөттөгөн аксиомалар системасы Евкалиддин"Башталыш"" деген философиялык эмгегинде берилген.Евклид геометриясы үч түрдүү обьектилердин көптүгү катары сүрөттөлөт. Алар: "чекиттер", "түз сызыктар""тегиздиктер". Бул обьектилердин арасында тиешелүүлүк, иреттүүлүк,конкуренттүүлүк ж-а үзгүлтүксүздүк катыштары бар.нЕвклид геометрисынын акыркыи эң так аксиоматикасын Д. Гильберт сунуштаган. Евклид геометриясы айлана-чөрөдөгү көзгө көрүнгөн элестерден (түз сызыктар, керилген жип, жарык нуру ж.б.) улам келип чыккан.
Ад.: Гильберт Д. Основания геометрии. М.; Л., 1948; Погорелов А. В. Основания геометрии. М., 1963.