ЕВРАЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРА́ЗИЯ – Жер шарындагы эӊ чоӊ материк (континент). Түндүк жарым шарда (айрым арал­дары Түш. жарым шарда). Ал Европа ж-а Азия дүйнө бөлүгүнөн турат. Батыштан чыгышка 16 миӊ км, түндүктөн түштүккө 8 миӊ кмге созу­лат. Аянты аралдары м-н кошо 54,9 млн км2дей (кургактыктын 1/3инен көбүрөөгү), анын ичинде аралда­рынын аянты 2,75 млн км2дей. Калкы 4,57 млрд (2000). Аймагынын деӊиз деӊгээлинен орточо бийиктиги 840 м; эӊ бийик жери – 8848 м, ал –Гималайда­гы Жомолунгма чокусу. Материктин эӊ четки тумшуктары: түндүгү – Челюскин, түштүгү – Пиай, батышы – Рока, чыгышы – Дежнёв тум­шуктары. Батышынан Атлантика, түндүгүнөн Түндүк Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары ж-а алардын деӊиздери м-н чулга­нат. Түштүк-чыгышында Австралия, Азиянын деӊиздери Евразияны Австралиядан, түндүк-чыгышта Бе­ринг кысыгы Түндүк Америкадан, түштүк-батышында Гибралтар кысыгы, Жер Ортолук деӊиз, Кызыл деӊиз Африкадан бөлүп турат. Суэц мойногу Евразияны Африка материги м-н туташтырат. Евро­панын жээктери Азияныкына караганда көбү­рөөк тилмеленген. Кургактыктын тутумдаш­тыгы, материктин азыркы тектоникалык биримдиги, климаттык процесстердин негизинен окшош­тугу, органикалык дүйнөсүнүн өнүгүүсүнүн жалпылыгы ж. б. факторлор материкти «Евразия» деп атоого не­гиз болгон.

Орографиясы, рельефи жана геологиялык өнүгүү тарыхы. Евразиянын аймагынын 2/3 бөлүгүн тоолор м-н бөксө тоолор ээлейт. Негизги тоо системалары: Гималай, Альп, Кавказ, Карпат, Пиреней, Апен­нин, Гиндукуш, Каракорум, Памир, Теӊир-Тоо, Куньлунь, Алтай, Саян, Түн.-Чыгыш Сибирь, Урал тоолору; тайпак тоолору – Алдыӊкы Азия, Тибет, Саян-Тува; бөксө тоолору – Декан, Орто Сибирь. Ири түздүктөрү м-н ойдуӊдары: Чыгыш Европа, Батыш Сибирь, Туран, Кашкар, Улуу Кытай, Инд-Ганг, Жунгар, Месопотамия ж. б. Евразия өнүгүү мезгилдеринин кыйла татаалдыгы ж-а геологиялык түзүлүшүнүн өтө ар түрдүүлүгү м-н өзгө­чөлөнөт. Континенттин негизи бир нече ба­йыркы материктин ажырашынан же биригиши­нен калыптанган: түндүк-батышта Лавренциянын чыгыш бөлүгү кайнозойдо төмөн чөгүп, Атлан­тика океаны аркылуу Түндүк Америкадан бөлүнүп, Европа пайда болгон; түн.-чыгышта Ангарида палеозойдун аягында Урал бүктөлүшү аркылуу Лавренцияга туташып, натыйжада Лавразия пайда болгон; Лавразия мезозойдун ортосуна чейин сакталган; ал эми түштүктөгү байыркы Гондвана материги ажырап, анын түндүк-чыгыш бөлүгү (Араб ж-а Инди платформалары) Евразияга ту­ташкан. Евразиянын структурасынын негизги элемент­терин байыркы структуралар – Чыгыш Европа (Балтика ж-а Украина калкандары), Сибирь (Алдан калканы), Кытай-Корей, Түштүк Кытай, Инди платформалары ж-а Нубия-Араб калка­м-н Армян тайпак тоосунун лава катмарлары ж-а жанар тоо конустары, Италиядагы, Камчат­кадагы, Чыгыш ж-а Түштүк-Чыгыш Азиядагы аракеттеги жанар тоолор, Кавказ, Карпат, Эль­бурс ж. б. тоолордогу өчкөн жанар тоолор ки­рет. Жер кыртышынын төмөн чөгүүсүнөн мате­риктин чет-жакаларын суу каптап, Евразияга жа­кын жайгашкан архипелагдар (Ыраакы Чыгыш, Бри­тан аралы, Жер Ортолук деӊиз алабы ж. б.) обочо­лонгон. Мурда Евразиянын ар кайсы жерин деӊиз бир нече жолу каптаган. Алардын чөкмө тектери деӊиз түздүктөрүн түзүп, кийин мөӊгү, агын суу ж-а көл суулары м-н тилмеленген. Евразиянын эӊ ири түздүктөрүнө Чыгыш Европа (Орус), Ортоӊку Европа, Батыш Сибирь, Туран, Инд-Ганг кирет. Евразияда жантайыӊкы ж-а цоколдук түздүктөр да кеӊири таралган. Евразиянын түндүк ж-а бир катар тоо­луу аймактарынын рельефинин калыптанышы­на байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Евразияда плейстоцендин муздуктары ж-а суу-муздук­тары пайда кылган чөкмө тектер ээлеген жер­лердин дүйнөдөгү эӊ ири аянттары бар. Азыр­кы мөӊгүлөрдүн жалпы аянты 230 миӊ км2дей; алардын көбү Арктиканын аралдарында, Ислан­дияда ж-а Азиянын бийик тоолорунда (Гима­лай, Каракорум, Тибет, Куньлунь, Памир, Теӊир-Тоо ж. б.), ошондой эле Альп, Скандинавия тоо­лорунда жайгашкан. Көп жылдык тоӊ Евразиянын

11 млн км2дей аянтын (негизинен Сибирди) ээлейт. Акиташ тегинен ж-а гипстен түзүл­гөн аймактарда карст процесстери өөрчүгөн. Азиянын кургакчыл аймактарына рельефтин чөлдүк формалары ж-а типтери мүнөздүү.

Евразиянын климатына жыл бою өкүм сүргөн Азор, Гавайи антициклондорунун, Исланд, Алеут деп­рессияларынын, ошондой эле сезондук Азия антицик­лонунун таасири зор. Азия антициклонунун борбору кышында Моӊголиянын, жайкы деп­рессиясы Түштүк Азиянын үстүндө жайгашат. Евразиянын аянтынын өтө зордугу ж-а рельефинин татаалдыгы анын климатынын өтө ар түрдүү болушуна шарт түзөт; башка материктерден кон­тиненттик типтеги климаттын кеӊири таралы­шы м-н өзгөчөлөнөт. Суук, мелүүн ж-а ысык климаттык алкактардын ортосундагы кеӊдик айырмачылык өтө зор. Арктикада ж-а субарк­тикада жыл бою – арктикалык, мелүүн кеӊдик­терде – уюлдук, салыштырмалуу төмөнкү кеӊдиктерде – тропиктик фронттордун (тайфун) циклондору аракетте болот. Тропиктик тайфун толкун м-н коштолгон өтө катуу шамалды пайда кылат. Атмосфералык жалпы циркуляциянын мезгил боюнча өзгөрүүсү субтропиктик алкактын батыш секторунда жайы кургакчыл, кышы нымдуу – жер ортолук деӊиздик климатты пайда кылат. Мындагы кышкы жамгыр уюлдук фронттун циклондору м-н байланыштуу. Тропиктик ал­как Европада жок, ал эми Азияда анын түштүк- батыш бөлүгүн – Араб жарым аралын ж-а Тхар (Тар) чөлүн камтыйт. Анда тропиктик чөл климаты өкүм сүрүп, чыгышта субэкватордук климатка өтөт. Экватордук алкакта түндүктөн ж-а түш­түктөн соккон аба массалары кошулуп (конвер­генция процесси жүрүп), жыл бою жаан-чачын­ды арбын жаадырат. Климаттын сектордук айырмачылыгы да даана байкалат: материктин ички бөлүгүнө мүнөздүү континенттик ж-а өтмө климат чет-жакаларын карай океандык кли­матка өтөт. Океандын климатка тийгизген таа­сири айрыкча Батыш Европада даана байкалат; анда батыштан соккон аба массасына Азор ан­тициклонунун чет-жакасынан келген аба кошулат. Ушул эле багытта Исландия депрессия­сынан пайда болуп, арктикалык ж-а уюлдук фронттор аркылуу соккон циклондор аракет­тенет. Атлантика аба массасы чыгышты карай жыл­ган сайын акырындап нымын жогото баштап, континенттик абага өтөт. Ал эми Тынч океан м-н Инди океанынан соккон аба массалары цик­лон ж-а муссон түрүндө кургактыктын ички бөлүктөрүнө айрым сезондордо гана кире алат. Түндүктөн соккон арктика абасы кургактыкка тоскоолсуз кирип, аны материктин ички бөлү­гүндө кеӊдик багытта жайгашкан тоолор гана тосуп калат. Евразиянын ички аймактарында кыш мезгилинде атмосферанын жогорку басымы үстөмдүк кылып, абанын төмөн чөгүп токтоп калышы­на, жылуулуктун өтө нурлануусуна, жер бети­не жакын төмөн болушуна шарт түзөт. Анда кышкы континенттик муссондор пайда болуп, чыгышты ж-а түштүктү карай согот. Абанын жайкы температурасы, тескерисинче, ысык болот. Сектордук климаттык айырмачылыкты деӊиз агымдары ого бетер күчөтөт. Жылуу агымдар Европанын түндүк-батыш ж-а Япон аралынын жээк­теринде – кышкы ж-а жылдык оӊ температуралуу аномалияны, муздак агымдар Азиянын чыгыш жээктеринде – жайкы ж-а жылдык терс анома­лияны пайда кылат. Тоолуу аймактарында кли­маттык бийиктик алкактуулугу ж-а анын тоо капталдарынын экспозициясына карата алма­шуусу даана байкалат. Евразиянын ички аймактары­нын туюктугу м-н нымдуулуктун контрасттуу­лугу байланыштуу. Ири тайпак тоолордун үстүндө муздак аба туруп калат, атмосферанын жергиликтүү борборлору түзүлүп, өзгөчө бийик тоо климаты (мисалы, Памир ж-а Тибеттеги бийик тоо чөл кли­маты) пайда болот. Арктикалык климаттан эк­ватордук климатка чейин өзгөрөт. Чет-жакала­рында океандык климат (түштүк ж-а чыгыш жак­тарына муссондук), ички аймактарына конти­ненттик ж-а кескин континенттик климат мү­нөздүү. Түндүк-Чыгыш Сибирдеги Верхоянск м-н Оймякон – Түндүк жарым шардын суук уюлу, анда –70°Сге чейин суук болот. Араб жарым аралы – Жер шарындагы эӊ ысык ж-а кургакчыл жер­лердин бири; анда жылына 44 мм гана жаан­-чачын жаайт; азиялык бөлүгүндө түштүк-батыш­тан түндүк-чыгышты карай чөл тилкеси созулуп жатат, мында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200 ммден ашпайт, ал эми Чыгыш Индия Жер шарындагы эӊ жаанчыл жер (Черапунжиде жылдык жаан-чачындын өлчөмү 12 000 ммге чейин). Евразиянын дарыялары 4 океандын алабына ки­рет. Европанын эӊ ири дарыялары (Волга, Ду­най ж. б.) Азиянын Лена, Енисей, Амур, Обь, Янцзы сыяктуу чоӊ дарыяларынан өлчөмү боюнча кыйла артта турат. Негизги дарыялары: Янцзы (Евразиядагы дарыялардын эӊ чоӊу, узундугу 5800 км, суу­сунун жылдык орточо чыгымы 34 миӊ м3/сек), Обь, Енисей, Лена, Амур, Хуанхэ, Меконг, Брах­мапутра, Ганг, Инд, Тигр, Евфрат, Волга, Ду­най. Булардын көбү маанилүү транспорт жолу, гидроэнергиянын ири булагы болуп, сугатка кеӊири пайдаланылат. Евразияда дүйнөдөгү эӊ ири туюк облустар (Каспий м-н Арал деӊиздеринин, Балкаш ж-а Лобнор көлдөрүнүн алаптары) жай­гашкан. Суу агып чыгуучу ири көлдөрү – Бай­кал (дүйнөдөгү эӊ тереӊ көл, анын тереӊдиги 1620 м), Ладога, Онега. Евразиянын аянтынын жарымынан көбү флорасы ж-а фаунасы боюнча Голарктикага кирет; анын көп жерлеринде кийинки көтөрүлүүнүн, муз ж-а деӊиз каптоонун натыйжасында органикалык дүйнөсү кый­ла азайып кеткен. Евразиянын түштүгүн Палеотро­пик облусунун флорасы, Инди-Малайя облусу­нун фаунасы ээлейт. Евразия башка материктерден тайга-тоӊ, күл ж-а чөл-талаа тибиндеги топу­рак кыртыштын кеӊири таралышы, ошондой эле тоо топурактарынын түрлөрүнүн көптүгү м-н өзгөчө­лөнөт. Топурак кыртышынын ж-а органикалык дүйнөсү­нүн түрлөрү негизинен кеӊдик зоналуулукка (тундрадан баштап, мелүүн алкактын токой зо­насы, субтропиктик талаа, чөл зоналары, са­ванна, кургакчыл тропик аркылуу нымдуу дайыма жашыл экватордук токойго чейин), ошондой эле океан жээктеринен алыстаган сайын, тоолордо бийиктик алкактуулукка жараша өз­гөрөт.

Табигый секторлору, алкактары жана зоналары. Евразияда табигый өзгөчөлүктөрү боюнча кыйла айыр­маланган секторлордун бөлүнүүсү кургактыктын айрым бөлүктөрүнүн ным булагынан түрдүүчө алыстыкта жайгашуусуна ж-а ал аймактардын обочолонуу деӊгээлине байланыштуу. Евразиянын аймагы 6 секторго бөлүнөт: 2 океандык – ба­тыш ж-а чыгыш; 2 өтмө: континенттик ж-а кес­кин континенттик. Батыш океандык сектор Ба­тыш Европаны бүт ж-а Батыш Азиянын басым­дуу бөлүгүн камтыйт. Чыгыш океандык сектор Тынч океандын кууш жээк тилкесин гана кам­тып, табиятына түрдүүчө таасирин тийгизген муссондук климаты м-н өзгөчөлөнөт. Евразиянын кал­ган секторлору материктин ички бөлүгүн ээлейт; ал эми Евразияга гана мүнөздүү кескин континенттик сектор континенттик сектордун чыгышында жайгашат; ал болсо батыштан соккон аба мас­сасына ж-а нымды сырткы айдарым капталда­ры өзүнө кармап калган орографиялык тоскоолдордун болушуна байланыштуу. Евразиянын табияты кеӊ- дик бонча өзгөрүп, ага төмөнкү г е о г р а ф и я л ы к а л­ к а к т а р мүнөздүү: арктика, субарктика, мелүүн, субтропик, тропик, субэкватор, экватор. Ар бир алкак өз ичинен зоналарга ж-а зонача­ларга бөлүнөт. А р к т и к а а л к а г ы н ы н арктикалык чөл зонасы муздуу ж-а таштуу чөл, ошондой эле тоо ландшафтынын суук чөл тибиндеги зоначаларына, с у б а р к т и к а а л к а г ы тундра ж-а токойлуу тундра зоналарына бөлүнөт; тоолоруна тундра-суук чөл бийиктик алкактары мүнөздүү; чыгышында тундранын жапалак токойлору кеӊири таралган. М е­л ү ү н а л к а к т а кеӊдик зоналуулук (токой зонасы тайга, аралаш, жазы жалбырактуу то­кой зоначалары м-н токойлуу талаа, талаа, жа­рым чөл, чөл) континенттик секторго мүнөздүү. Евразиянын кескин континенттик секторунда тоолор кеӊири аянтты ээлегендиктен, кеӊдик зоналуу­лук көбүнчө бийиктик алкактуулуктун спект­ринде байкалат. Өтмө ж-а океандык секторлор­до зоналардын чегинде океандардын таасиринен өзгөрүүлөр болот, мисалы, Чыгыш Европа (Орус) түздүгүндө зоналар түндүк-батыштан түштүк-чыгыш­ты, мелүүн алкактын четки түштүгүндө батыш­тан чыгышты карай өзгөрөт: Франциянын то­кою, Карпат өндүрүнүн токойлуу талаасы, Ук­раинанын түштүгүндөгү талаа, Казакстандын ж-а Борбордук Азиянын чөлдөрү ж-а жарым чөлдөрү, Моӊголиянын ж-а Дунбэйдин талаалары ж-а то­койлуу талаалары, Манжур-Корей тоолорунун ж-а Япониянын түндүк аралдарынын токойлору. Тоолоруна бийиктик алкактуулуктун токойлуу­ тундра, токой-жапалак токой, токойлуу шал­баа ж-а чөл-талаа спектрлери мүнөздүү. С у б­т р о п и к а л к а г ы н ы н зоналары да батыштан чыгышты карай өзгөрөт: Жер орто­лук деӊиз аймагынын катуу жалбырактуу то­койлору ж-а бадалдары, Закавказье м-н Кичи Азиянын талаалары ж-а жарым чөлдөрү, Иран тайпак тоосунун, Түркмөнстан м-н Борбордук Азия­нын түштүк бөлүктөрүнүн чөлдөрү. Субтропик ал­кагынын океандык секторундагы тоолорго көбүн токой түзгөн бийиктик алкактуулуктун баты­шына токой-шалбаалуу талаа, чыгышына то­койлуу шалбаа зоналары мүнөздүү. Евразиянын ички аймактарында чөл-талаа, Памир, Тибет тайпак­тоолорунда бийик тоо чөл ландшафттары үстөмдүк кылат. Т р о п и к т и к а л к а г ы Араб жарым аралын ж-а Тар чөлүн камтып, аларга тро­пиктик жарым чөл ж-а чөл, тоолоруна бийик­тик алкактуулуктун чөл-талаа ж-а чөл зонала­ры мүнөздүү. Чыгышыраакта, тропиктик кеӊ- диктерде түндүк с у б э к в а т о р д у к а л к а к таралып, ал нымдуу субэкватор токою (негизи­нен тоолордун айдарым капталдарында) ж-а саванна (негизинен Индстан ж-а Индикытай жарым аралдарынын ички бөлүктөрүндө) зоналарына бөлүнөт. Бул аймакта жайгашкан тоолорго би­йиктик алкактуулуктун токойлуу шалбаа ж-а токойлуу талаа зоналары мүнөздүү. Э к в а­ т о р д у к а л к а к Шри-Ланканын түштүк- батышын, Малакканын ж-а Филиппин аралынын түштүк бөлүктөрүн, Чоӊ Зонд аралын камтып, ага нымдуу экватор токою – гилея, тоолоруна ги­лея м-н парамостун (тоо-экватордук өзгөчө ланд­шафт) айкалышы мүнөздүү. Кичи Зонд аралында түштүк экватор алкагынын токой ж-а саванна ландшафттары үстөмдүк кылат.

Табигый аймактары. Табигый аймактарынын жалпы кабыл алынган бөлүнүшү жок, бул физикалык- географиялык райондошторуудан башка да бир нече схе­ма бар. Төмөндө келтирилген Евразиянын физикалык-геогррафиялык райондоштуруусунун схемасы – табигый-ланд­шафттык өлкөлөрдүн ар бирине морфологиялык-тектоникалык биримдиги, жаӊы тектоникалык өнүгүүсүнүн, климат­ты пайда кылуучу циркуляциялык процесс­тердин жалпылыгы, табигый зоналардын мый­зам ченемдүү таралуусу мүнөздүү. Айрым өл­көлөрдүн ортосунда айырмачылыктар болсо дагы, аларды ири топторго бириктирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзгөн окшоштук белгилери да болот. Евразиянын аймагын төмөнкү физикалык-географиялык өл­көлөрдүн топторуна бириктирүүгө болот: Ат­лантика бою өлкөлөрү; Түндүк Евразия; тоо-арал­дуу Арктика; Бийик Сибирь ж-а Моӊголия; Ички Евразия; Чыгыш Азия, Түштүк Азия; Евро­палык Жер Ортолук деӊиз аймагы, Алдыӊкы Азия тайпак тоолору ж-а Кавказ; Түш.-Батыш Азия.

Атлантика бою өлкөлөр тобуна неотектоникалык кыймылдар мүнөздүү. Табигый чөйрөнүн бардык компоненттерине кыйла таасирин тийгизген океандык климат үстөмдүк кылат. Органикалык дүй­нөсүнүн чектелүүсүнө байыркы муз каптоонун таасири зор. Бул топко Фенноскандия (Сканди­навияны, Кола арым аралын Карелияны, Финляндия аймагын камтыйт), Исландия, Британ арал­дары, Ортоӊку Европа түздүгү, Альп Карпат тоолору ж-а алардын түштүк этегиндеги түз­дүктөрү кирет. Түндүк Евразияны Урал м-н бө­лүнгөн Чыгыш Европа түздүгү ж-а Батыш Си­бирь түздүгү ээлейт. Салыштырмалуу туруктуу платформалык структура, мелүүн деӊиздик кли­маттан континенттикке өтмө ж-а континент­тик типтеги климат ж-а ландшафттар мүнөздүү. Аймагы, айрыкча анын түндүк-батышы байыркы муз каптоого дуушарланган. Мелүүн алкактын ландшафттык зоналарын бүт камтыйт. Тоо ­аралдуу Арктиканын Е в р а з и я л ы к с е к­т о р у тектоникалык жактан тилмеленген, көбүнчө жапыз ж-а орто бийик тоолуу архипелагдардан (Шпицберген, Франц-Иосиф жери, Жаӊы Жер, Түндүк Жер) ж-а аралдардан турат. Аларда тоо­нун мөӊгүлүү ж-а таштуу арктикалык чөл ланд­шафты басымдуу; айрым жеринде тоо тундра­сы да кездешет. Бийик Сибирь ж-а Моӊголия – платформалар ж-а неотектоникалык жактан өтө кый­мылдуу байыркы бүктөлүү структуралары мү­нөздүү ж-а орто бийик тоолор м-н бөксө тоолор үстөмдүк кылган аймак. Климаты континент­тик ж-а кескин континенттик, кышында кар аз жаайт. Дүйнөдө жер астындагы муздар эӊ кеӊири таралган аймак. Айрым жерлеринде ба­йыркы муз чордондору пайда болгон. Тоонун ачык ийне жалбырактуу тайгасы үстөмдүк кылат. Азыркы катаал климаттык шарт ланд­шафттын өөрчүүсүнө кыйла чек коёт. Ал Орто Сибирь бөксө тоосун, Ички Якутияны (Борбордук Якут түздүгү, Алдан бөксө тоосу), Түндүк-Чы­гыш Сибирди [орто бийик ж-а жапыз тоолор­дон (Бырранга, Жогорку Яна, Черский, Коряк кырка тоолору) ж-а платолордон (Юкагир, Ала­зея ж. б.), бөксө тоолордон, аккумуляциялык, көбүнчө деӊиздик ири түздүктөрдөн (Түн. Сибирь, Яна-Индигирка, Колыма ж. б.) турат], Түштүк Сибирь тоолорун, Моӊголия тоолорун [бийик (Алтай, Саян, Кодар) ж-а орто бийик (Забайка­лье, Хантай, Хэнтэй, Становой тайпак тоосу ж. б.) тоолорду] камтыйт. Ички Евразия – нео­тектоникалык кыймылда кескин көтөрүлгөн аймак; ага эӊ бийик тайпак ж-а бийик тоолор, конти­ненттик ж-а кескин континенттик климат, суусу сыртка агып чыкпаган туюк облустар ба­сымдуулук кылган ири ойдуӊдар мүнөздүү. Ири туюк көлдөрү бар. Аймакка мүнөздүү болгон тоонун ж-а түздүктүн чөл-талаалуу ландшаф­тынын флорасы ж-а фаунасы көп жерлеринде кийинки көтөрүлүүдөн (нымдуу аба массасынан тосулуп калгандыктан) ж-а байыркы муз кап­тоодон кыйла жабыркаган. Ага Ички Казак­стандын, Каспий боюнун, Орто Азиянын ж-а Борбордук Азиянын түздүктөрү (Кара-Кум, Кы­зыл-Кум, Такла-Макан, Гоби ж. б.), ошондой эле ай­рым жерлеринде кездешкен жапыз тоолуу, дөбө­дөӊсөөлүү супа сымал платолору, Орто ж-а Борбордук Азиянын тоолору ж-а тайпак тоолору (Тибет, Памир, Чыгыш Гиндукуш, Каракорум, Кунь­лунь, Теӊир-Тоо ж. б.) кирет. Чыгыш Азия – Евразиянын неотектоникалык жактан кыймылдуу чет-жа­касы; жалпысынан мезозой ж-а альп бүктөлүш­төрүнүн структураларынын, муссондук климат­тын ж-а байыркы муз каптоого дуушарланба­ган муссон тибиндеги ландшафттын үстөмдүк кылышы, тропиктик ураган (тайфун) мүнөздүү. Азиянын материктик чыгышы аккумуляция­лык түздүктөрдү (Амур бою, Сунляо, Улуу Кытай), жапыз ж-а орто бийик тоолорду (Си­хотэ-Алинь, Хинган-Бурея, Манжур-Корей тоо­лору, Наньлин), Камчатканы ж-а Чыгыш Азия аралдарын (Курил, Япон, Рюкю) камтыйт. Түштүк Азия тектоникалык структурасы ж-а неотек­тоникалык режими ар түрдүү болсо да, субэкватордук ж-а экватордук ландшафттардын басымдуулу­гуна ж-а жалпы муссондук климаттын үстөмдүк кылышына байланыштуу бириктирилген. Тро­пиктик циклон мүнөздүү. Органикалык дүйнөсү байыркы­лыгы м-н өзгөчөлөнөт; палеотропиктик, көбүнчө малайя, батышына инди-африка флорасы, ин­ди-малайя фаунасы мүнөздүү. Австралия-Азия архипелагдары (Малайя, Филиппин, Молук­ка), Тайвань аралы, Малакка жарым аралынын түштү­гү, Индикытай, Индстан, Инд-Ганг түздүгү ж-а Шри-Ланка, Гималай тоолору кирет. Европа­лык Жер ортолук деӊиз аймагы, Алдыӊкы Азия тайпак тоолору ж-а Кавказ жалпы кескин көтөрүлүүгө ж-а чөгүүгө дуушарланган, тоо ре­льефи басымдуулук кылган, альп-гималай бүк­төлүш кырчоосуна кирген өтө кыймылдуу ай­мак. Байыркы муз каптоого анчалык дуушар­ланбаган субтропиктик ландшафт үстөмдүк кы­лат. Алдыӊкы Азия (Кичи Азия, Армян, Иран) тайпак тоолорун ж-а Чоӊ Кавказды, Европалык Жер Ортолук деӊиз аймагын камтыйт. Түштүк- Батыш Азия – цоколдук түздүктөр, чет-жака­сындагы келки тоолор үстөмдүк кылган, лава катмары кеӊири таралган байыркы платфор­ма. Климаттын ж-а ландшафттын чөлдүк тип­тери мүнөздүү. Рельефинин, климатынын ж-а ландшафтынын Африканын түндүгүнүн ж-а ба­тышынын табиятына кыйла окшоштугу бай­калат. Ага Сирия-Араб платосу ж-а Месопота­мия, Араб жарым аралынын түштүк чет-жакасындагы тоо­лор (Оман, Хадрамаут, Йемен, Хижаз тоолору) кирет. Евразиядагы мамлекеттер жөнүндөгү маалыматтар Ев­ропа ж-а Азия макалаларында берилген.

Ад.: Власова Т. В. Физическая география частей света. 2-е изд. М., 1966; Гвоздецкий Н. А., Михай­лов Н. И. Физическая география СССР. Азиатская часть. М., 1970; Гуру П. Азия/Пер. с франц. М., 1956; Мильков Ф. Н., Гвоздецкий Н. А. Физическая геог­рафия СССР. Общий обзор. Европ. часть СССР. Кавказ. М., 1969; Физико-географическое райониро­вание СССР. М., 1968; Хрестоматия по географии материков и океанов. М., 1987; Физическая география материков и океанов / Под ред. А. М. Рябчикова. М., 1988; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004.

Ө. Бараталиев.