ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК
ЕВРАЗИЯЧЫЛЫК , Е в р а з и я ч ы л к ы й м ы л – 20-кылымдын 20-жылдарында россиялык эмиграциянын чөйрөсүндө пайда болгон коомдук-саясий ж-а идеялык агым. Башкы идеологдору: Н. С. Трубецкой, П. Н. Савицкий, Г. В. Флоренский (кийин четтеп кеткен), Л. П. Карсавин, Г. В. Вернадский, Н. Н. Алексеев. Негизги максаты: Россия бир мезгилде империя ж-а улут катары өнүккөн улуу евразиялык держава. Демек, орус улуту – империялык улут. Россия – европалык цивилизациянын чет жакасы эмес, чыгыш ж-а батыш маданияттарынын жетишкендиктерин өзүнө камтыган, өз алдынча цивилизация. Алар өздөрү жөнүн дө «Чыгышты көздөй бет алып» деп аталган программалуу эмгек аркылуу (София, 1920) жарыялашып, кийинки жылдары бир нече көлөмдүү жыйнактарды, «Евразия» гезитин, «Версты» журналын жарыкка чыгарышкан. Бул кыймылдын борборлору Софияда, Прагада, Берлинде, Белградда, Брюсселде, Харбинде, Парижде болгон. Бул агымдын негиз салуучуларынын ою боюнча Евразия – бул өзгөчө «ортолуктагы материк» болуу м-н Хингандан Карпатка чейин созулат да, Батыш Европадан да, түштүк-чыгышка чектеш өлкөлөрдөн да айырмаланат. Евразиячыл болууга андагы элдердин географиялык жактан гана жакындыгы эмес, менталитеттеринин окшоштуктары да бириктирет. Евразиялык элдердин руханий жактан жакындыгы ж-а тарыхый тагдырларынын жалпылыгы алардын маданиятынын аралашмасын, азыркы тил м-н айтканда бирдиктүү рухий мейкиндикти түзмөк. Бул кыймылдын идеологдору ушундай болуу сөзсүз шарт деп эсептешкен. Улуттук принципке таянган маданият гана «адам рухун жогорулатуучу дөөлөттөргө» өбөлгө болмок. Демек, алардын ою боюнча, ар кандай улуттук маданият диний кыртыштан өнүп чыгат. Ушул мааниде алар Евразияда таралган православиеден, исламдан ж-а буддизмден бир катар, айрыкча, адеп-ахлактык, этикалык жалпылыктарды көрүшкөн.