ЕВРО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Е́ВРО – Европа союзуна (ЕC) мүчө мамлекеттер­дин бирдиктүү валютасы. 2007-жылдын 1-ян­варына карата Экономика жана валюта союзу­нун (ЭВC) мүчөлөрүнүн – 13 мамлекеттин (Ав­стрия, Бельгия, Германия, Грекия, Ирландия, Испания, Италия, Люксембург, Нидерланд, Португалия) жалгыз мыйзамдуу төлөм каража­ты. Ар бир мамлекет Еврого өтүүдө бирдей крите­рийге жооп берүүгө‚ башкача айтканда инфляциянын деӊгээ­ли 2‚6%тен‚ мамлекеттик бюджеттин тар­тыштыгы 3%тен‚ ал эми жалпы мамлекеттик карыз ички дүӊ продуктунун (ИДП) 60%инен ашпоого тийиш. Проценттик ставканын ж-а валюта курсунун мүмкүн болуучу олку-солку­лук чеги да белгиленген. Европа борбордук банкы 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500 Евро ж-а 1, 2, 5, 10 цент тыйынын 1, 2 Евро тыйынын чыгарат. Банкнот­тор ж-а тыйындар ЭВС катышуучулары болгон өлкөлөрдө чыгарылат. Бирдиктүү валютаны кир­гизүүнүн шарттары ЭВCке мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн жакындатууга шарт түзөт. Евро Кыргызстанда да колдонулат.