ЕВРОВАЛЮТА РЫНОГУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРОВАЛЮ́ТА РЫНОГУ – 1) өлкөнүн чегинен тышкары – эмитенттердин валюталарында (евровалюта деп аталуучу) ишке ашырылуучу накта акчасыз депозиттик-ссудалык операция­лардын топтому; 2) кыска мөөнөттүү ж-а орто мөөнөттүү кредиттердин эл аралык рыногу. Евровалюта рыногу 20-кылымдын 50-жылдарынын аягында – 60-жылдардын башында евродоллар рыногу ка­тары пайда болгон. Ал Лондондо‚ Франкфурт­на-Майнеде‚ Люксембургда, Батыш Европанын негизги финансы борборлорунда жайгашкан ири ж-а орто коммерциялык банктардын тобунан (500дөн ашуун) турган. Евродоллар рыногу 60- жылдардын аягында Европадан тышкары (Ба­гам ж-а Кайман аралдарына‚ Японияга‚ Cингапурга‚ Канадага‚ Бахрейнге) тараган. Кийинчерээк ГФРдин маркасында‚ Швейцариянын франкын­да‚ Англиянын фунт стерлингинде‚ Япониянын иенинде ж-а ЭКЮда ишке ашырыла баштаган.