ЕВРОДОЛЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРОДО́ЛЛАР (англ. Eurodollars) – 1) еврова­лютанын бир түрү; 2) АКШнын чегинен тыш­кары чет өлкөлүк банктарда ж-а америка банк­тарынын филиалдарында ар түрдүү өлкөлөрдүн уюмдары ж-а жеке адамдар тарабынан депонир­ленген АКШ долларындагы убактылуу бош акча каражаты; 3) Евродоллар – бул жаӊы накта акча эмес‚ америка долларындагы банк эсептери; 4) Евродоллар ры­ногу эл аралык валюта системасынын курам­дык элементи. Евродоллар рыногу 1950-жылдардын ба­шында пайда болгон‚ азыркы учурда Европа­дан алыс тараган.