ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА УЮМ (ЕККУ)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА УЮМ (ЕККУ), ОБСЕ – коопсуздук, экономика, илим, техно­логиялар ж-а адам укугу багытында кызматта­шуу үчүн түзүлгөн эл аралык форум. 1975-жылы Хельсинки конференциясында Европадагы коопсуздук ж-а кызматташтык боюнча кеӊешме (ЕККК) ката­ры түзүлгөн (ЕКККны ЕККУ деп атоо тууралуу чечим 1994-жылы Будапешт жолугушуусунда ка­был алынган). Европанын, Азиянын ж-а Түндүк Американын 55 өлкөсү кирет. Жумушчу орга­ны – мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрүнөн турган Туруктуу кеӊеш, анын отурумдары жума сайын Вена шаарында өткөрүлөт. ЕККУда төрага­лык кылуу (мүчө өлкөнүн тышкы иштер минис­три) кезек м-н жүргүзүлөт.