ЕВРОРЫНОК
ЕВРОРЫНОК (англ. Euromarket) – операциялары евровалюталарда ишке ашырылуучу ссуда капиталдарынын эл аралык рыногу. Батыш Европада 1950-жылдарда пайда болгон. Еврорынок финансылык глобалдаштыруунун бир түрү болуп саналат. Еврорыноктун катышуучулары: карыздакорлор – көбүнчө ар түрдүү өлкөлөргө капитал салууну финансылоо үчүн кредитке муктаж улуттар аралык монополиялар‚ ошондой эле тартыш төлөм балансына ээ мамлекеттер; эл аралык кредит операцияларын чет өлкөлүк валютада (евровалютада) ишке ашыруучу кредиторлор – менчик коммерциялык банктар. Еврорынок бир нече секторду камтыйт: евровалюта рыногу (кыска мөөнөттүү – бир жылга чейин – банктар аралык депозиттер)‚ еврокредиттер рыногу (кредиттик макулдашуу м-н жазылуучу 2–10 жылга орто мөөнөттүү ссудалар)‚ еврофинансы рыногу (орто ж-а узак мөөнөттүү карыздар‚ 10дон 15 жылга чейин). Еврорыноктун экономикага таасири кош мүнөздө болот. Бир тараптан‚ ал мамлекеттер аралык масштабдарда микрочарбалык байланыштарды‚ өндүрүштүк концентрацияны ж-а капиталды борборлоштурууну өнүктүрөт. Экинчи жагынан‚ Еврорынок өлкөгө чет өлкөлүк капиталдын өтө агып киришин‚ тескерисинче, улуттук валютанын чет өлкөгө агып чыгышын токтотуу үчүн өкмөттү мезгили м-н валюталык ж-а кредиттик чектөөлөрдү киргизүүгө мажбурлоо м-н, айрым өлкөлөрдүн улуттук акча-кредит системасына дезорганизациялоочу таасир көрсөтөт.