ЕВФРАТ
ЕВФРА́Т – Түркия, Сирия, Ирак аймактары аркылуу аккан дарыя. Мурат ж-а Кара-Суу дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Узундугу (Мурат дарыясынын башталышынан Тигр м-н кошулганга чейинки) 3065 км, алабынын аянты 673 миӊ км2. Армян тайпак тоосунан башталып, Жезире платосу, Месопотамия ойдуӊу аркылуу агат. Төмөнкү агымында Тигр дарыясына кошулуп, Перс булуӊуна куйган Шатт-эль-Араб дарыясын түзөт. Жазында ташкындап, жайында тартылат. Орточо чыгымы Хит шаары тушта (ушул жерден баштап кеме жүрөт) 840 м3/сек, төмөн жагында 300–400 м3/секга чейин азаят. Негизинен сугатка пайдаланылат (Месопотамия ойдуӊундагы жээктеринде оазистер көп). Евфратка Кебан (Түркия), Табка (Сирия) гидротүйүндөрү курулган. Боюнан Бирежик (Түркия), Эр-Ракка, Дейр-эз-Зор (Сирия), Эр-Рамади, Эль-Фаллужа, Эль-Куфа, Эс-Самава, Эн-Насирия (Ирак) шаарлары орун алган. Евфрат м-н Тигр-


дин аралыгы байыркы цивилизациянын очогу болуп (к. Шумер, Ассирия, Вавилония макалаларын), байыркы Вавилон шаары Евфраттын боюнда турган.