ЕДРЕНКИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕДРЕ́НКИН Иван Иванович (1890–1948) – Кыргызста­нда Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкө ка­тышкандардан; Кызыл-Кыяда алгачкы больше­виктер тобунун уюштуруучусу (1918). 1905-жылы Москвада революциялык иштерге катышкан. 1906-жылы Петербургда саясий адабияттарды тараткандыгы үчүн камалган. 1909-жылдан Шураб (Тажик­стан), Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя шахталарында иштеген. 1917-жылдан Кызыл-Кыя жумушчу депутаттар советинин төрагасы, 1920-жылдан чарба кызматтарында эмгектенген.