ЕЛЕНИН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЕЛЕ́НИН Николай Николаевич (1892, Москва – 1944, ошол эле жер) – ырчы, режиссёр, кыргыз профессионал театр искусствосуна негиз салгандардын бири. Одесса университетинин филология факультетин бүтүргөн, Миланда окуган. 1926-жылга чейин Ташкентте музыкалык театрларда ырчы жана режиссёр катары иштеген. 1926-жылы Фрунзеге келип, кыргыз музыкалык драма студиясын уюштурган, ага башчы жана көркөм жетекчи болгон. «Молдо Насирдин» комедиясын койгон (1927). Еленин кыргыздын элдик музыкасын жана ырларын жыйнаган. Ал кыргыз искусство кадрларын даярдоодо көп эмгек сиӊирген.