ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ
ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫ 6–18-кылымдарда Енисей дарыясынын куймаларынын өрөөндөрүн, Минуса ойдуӊун, Тувадан Красноярск шаарына чейинки аймактарды мекендеген. Енисей кыргыздары деп орхон-енисейдеги түрк эстеликтеринде (к. Күлтегин), кытай династияларынын (Тан, 618–907; Сун, 960–1279) тарыхында ж-а 10–13-кылымдардагы фарси-араб жазмаларындагы («Худуд ал-алам», Гардизи ж. б.) маалыматтарга байланыштуу айтылып калган. У. к. б. з. ч. 3–1-кылымдардагы кытай булактарында эскерилет. Алардын алгачкы мекени Чыгыш Теӊир-Тоонун түштүк тарабы же Чыгыш Түркстан аймагы болгон деген илимий пикирлер бар (мис., Л. А. Боровкова, Ю. С. Худяков). Бул мезгилдерде (552) Енисей кыргыздары өз алдынча мамлекет түзүүгө жетишип, кээ бир учурларда Кытай империясы же Түрк кагандыгы м-н теӊтайлашып турган (к. Кыргыздар). 682-жылы Чыгыш Түрк кагандыгы экинчи жолу калыбына келгенде аларга каршы кыргыздар башында турган үчтүктөр бирикмеси түзүлгөн (кыргыздар, түргөштөр, Тан династиясы). Түрк каганы Капаган (кытайча Мочжо) Барсбекти кыргыздардын каганы деп таанып, ага Кутлуг кагандын кызын алып берүүгө мажбур болгон. Кыргыз кагандыгынын саясий жактан жогорулашы Түрк мамлекети үчүн өтө кооптуу болорун түшүнгөн Билге каган (Моги-

лян) 709-жылы адегенде кыргыздардын союздашы аз ж-а чик уруктарын кыйратып, 710–11-жылдын кыш айында түрк аскер башчылары Тоӊйукук, Күлтегиндер м-н бирге кыргыздардын өзүнө капысынан кол салган. Сунга чер токоюндагы согушта Барсбек өлүп, түрктөрдөн жеӊилгенине карабай, Енисей кыргыздары өз алдынчалыгын сактап калышкан (732-жылы Күлтегин өлгөндө кыргыз каганынын атынан Чур Тардуш Инанчу келген). Бирок, бул согуштан алсыраган кыргыздар Чыгыш Түрк кагандыгы кулаганга чейин (745) Борбордукк Азиядагы саясий иштерге катыша алган эмес. Экинчи Түрк мамлекетинин кулашы м-н Моюн-чур (Байан-чор) башында турган Уйгур кагандыгы күч алып, кошуна элдерге коркунуч келтире баштаган. 751-жылы уйгур каганынын экспанциясына каршы кыргыз, чик, огуз, карлуктар биригишип, катуу каршылык көрсөтүшкөн. 758-жылдан кийин уйгурлар кыргыздарды катуу талкалады деген кабар бар. Бул

ушул жылдан баштап кыргыз элчилеринин Кытайга каттабай калышы м-н түшүндүрүлөт. Ошондой болсо дагы кыргыз каганы уйгурлардан өз алдынча наам алып (кытайча Пицьсйе Тунгйе Гинь), толук көз каранды болушкан эмес. 795-жылы Уйгур кагандыгында бийлик алмашуусуна байланыштуу кыргыздар көтөрүлүшкө чыгып, бирок жаӊы шайланган уйгур каганы Кутлуг (эдиз уругунан) тарабынан жеӊилүүгө учурашкан. Кыргыз каганы каган наамынан убактылуу ажырап, ажо аталып калган. Уйгур кагандыгындагы 820-жылдарда башталган тереӊ саясий-экономикалык кризиске байланыштуу кыргыздар м-н уйгурлардын ортосунда 20 жылга созулган согуш жүргөн. 840-жылы уйгурлардын аскер башчысы Гюй-лу Мохэнин кыргыздарга өтүшү м-н 100 миӊ кыргыз аскери уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алып, аны кыйраткан. Катуу кыргынга учураган уйгурлар туш тарапка чачырап кетишет. Мындан кийин Борбордук Азиянын көпчүлүк аймактарында «улуу кыргыз мамлекетинин» доору өкүм сүрүп, кыргыз мамлекетинин согуш өнөрүнүн ж-а маданиятынын өнүгүшү м-н коштолгон. Кыргыз мад-тына ти-

йиштүү эстеликтер Минуса ойдуӊунан тышкары бүткүл Борбордук Азиянын талааларына кеӊири таралган. Бирок, бул мезгил анча узакка созулган эмес. 924-жылы кара кытайлардын кысымына байланыштуу кыргыздар Моӊголиядан сүрүлүп, бир бөлүгү Енисейге көчкөн. Буга карабай кыргыздар өздөрүнүн күч-кубатын сактап калышкан. Жувейни боюнча кара кытайлар 1121–24-жылдарда кыргыздарды каратууга аракет жасап, бирок катуу сокку жеп, Эмилге чегинүүгө аргасыз болушкан. 13-кылымдын башында Енисей кыргыздары моӊголдорго көз каранды абалда болуп, 1218-жылы башка уруулар (тумат, байлук) м-н бирдикте аларга каршы күрөшкө чыккан, бирок күчтөрүнүн алсыздыгына байланыштуу Жучуга багынып беришкен. 1254-жылы моӊголдордун бийлигин кулатууга аракет жасашканда, Муӊке хан аларга каршы 20 000 киши аскер аттандырган. Хубилайдын тушунда гана моӊголдорго толук баш ийип (1270), алардын үстүнөн кароого Люхаоли деген кытай адамы дайындалган.
Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1998. Т. 2; Восточные авторы о кыргызах. Б., 1994; Караев Ө. К вопросу о передвижении киргизов на Тянь-Шань и ассимляции ими местных племён в XIII–XV вв. // Советская этнография. 1966, № 4; Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1, 2. Б., 2002.
Т. Асанов, Э. Турганбаев.