ЕПИСКОП

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕПИ́СКОП (гр. episkopos – кайтаруучу, байкоо­чу, күзөтүүчү) – православие, католик, англи­кандык чиркөөлөрдө жогорку дин төбөлү; чиркөөлүк-административдик бөлүктүн (епархиялар, диоцез­дер) башчысы. Епископтун иерархиялык бөлүнүшү (4-кылымдан баштап): патриархтар, митрополиттер (булардын айрымдары архиепископтор титу­луна ээ болушат) ж-а Епископтордун өзү.