ЕРКИМБАЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕРКИМБАЕВА Офелия (1. 10. 1937-жылы туулган‚ Фрун­зе – 11. 8. 2017-жылы, Бишкек шаары) – театрдын режиссёру‚ драматург‚ Кыргыз Республикасынын мад­аниятына эмгек сиӊирген ишмер (2003)‚ Кыргыз Республикасынын эл артисти (2008). Ленинграддагы А. Я. Ваганова атындагы хо­реографиялык окуу жайында окуган

Г. Фигейредонун «Эзоп» спектаклинен көрүнүш. Реж. О. Еркимбаева, 1971.

(1947–1953). 1954–1955-жылдары Кыр­гыз опера жана балет теат­рында балет артисти. 1957-жылы М. Күрөӊкөев атындагы музыкалык окуу жайын, 1962-жылы Россиядагы театр искусство институтунун (ГИТИCтин) актёрлук факультетин бүтүрүп‚ Кыргыз телекөрсөтүүсүндө режиссёрдун ассистенти‚ 1962–1966-жылдары Нарын музыкалык-дра­ма театрында артист. 1970- жылы Россиядагы театр искусство институтунун (ГИТИCтин) режиссёрдук факультетин бүтүрүп‚ Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист‚ режиссёр-коюучу болгон. Театрда Г.Фи­гейредонун «Эзоп»‚ А. Островскийдин «Күнөө­сүз күнөөлүүлөр»‚ Н. Гоголдун «Үйлөнүү»‚ Т. Аб­дымомуновдун «Малика»‚ К. Эшмамбетовдун «Эгиздер»‚ Лопе де Веганын «Бий мугалими» жана башкаларды‚ Н. К. Крупская атындагы. Орус драма теат­рында У. Шекспирдин «Азоого чалма»‚ «Король Лир»‚ К. Эшмамбетовдун «Cарынжи» жана башкаларды, М. Жангазиев атындагы Куурчак театрында Г. Х. Ан­дерсендин жомогу боюнча «Булбул» спектаклин‚ ошондой эле Башкыр академиялык драма театрында‚ Тува мамлекеттик музыкалык-драма театрында‚ «Кыргызтеле­фильмде» бир катар спектаклдерди койгон.

Еркимбаева – «Жазылбаган барактар»‚ «Биздин үй-бүлө»‚ «Таштанды бала»‚ «Эмигранттар»‚ «Тагдыр» жана башка пьесалардын автору. Орус классиктеринин бир катар чыгармаларын которгон. 2002-жыл­дан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын режиссёру.