ЕФРЕЙТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕФРЕ́ЙТОР (нем. Gefreiter – бошотулган) – бө­лүмдүн командири жок мезгилде анын милдетин аткаруучу алдыӊкы жоокерге берилүүчү аскер наамы. Ефрейтор наамы 17-кылымдын башында Германия­да пайда болгон. Орус армиясына Пётр Iнин аскердик уставы боюнча 1716-жылы киргизилген. Советтик Армияда Ефрейтордук наам 1940-жылдын ноябрынан аскердик ж-а саясий даярдыгы мыкты катар­дагы жоокерлерге бериле баштаган. Бул наам КРдин куралдуу күчтөрүндө да бар.