ЖАБГУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАБГУ (кытайча шеху) – байыркы Түрк каган­дыгындагы жогорку наам ж-а кызматтык абал. Кээ бир окумуштуулардын пикирине караганда иран этимологиясына байланышып, юэчжи (кушан) эфталиттерге тийиштүү болгон. Баштап­кы маанисинде yavuga (yam – жетектөө, баш­каруу), ошондуктан Жабгу деген сөз адегенде сак­кушандарда ат атооч катары колдонулган, ки­йин наамды билдирип калган. Жабгу наамын Бу­мын кагандын мезгилинде Батыш Түрк каган­дыгынын башчысы Истеми алып жүргөн. Жабгу Түрк кагандыгында бийлик даражасы боюнча би­ринчи орунду ээлеген. Бийликтин жогорку бас­кычында кагандын эң жакын жардамчылары катары кагандын балдарынан же туугандары­нан Жабгу ж-а шадылар дайындалып, эреже боюнча алар аскердин сол же оң канатына башчылык кылышкан.

Ад.: Бернштам А. Н. Социально-экономической строй орхоно-енисейских тюрок VI–VIII веков. М.; Л., 1946; Малов С. Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования, М.; Л., 1951; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории Средней Азии. М., 1964.

Т. Жуманалиев.