ЖАГАЛМАЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАГАЛМАЙ МӨҢГҮСҮ – Ички Теңир-Тоодогу Борколдой кырка тоосуна Чакыр-Корум тоосу тутумдашкан жерде жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 9,6 км, аянты 13,3 км2. Чоң Нарын суусунун сол куймасы – Каракол­дун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы де­ңиз деңг. 5070 м, этеги 3870 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4370 м. Абляция облусу­нун аянты 9,2 км2. Мөңгүдөн Каракол суусунун оң курамы – Жагалмай башталат.