ЖАГДАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАГДАН – кийим, буюм, кездеме, кооздуктар салынчу үкөктүн бир түрү. Жагдан ар кандай көлөмдө, бышык жыгачтан жасалып, сыртынан булгаары менен капталган. Анын негизи, капкагы ашык-машыктар (топсо) менен бириктирилип, ачылчу жагынын негизине, капкагына кулпулук бекитилген. Жагдандын бурчтары, четтери калай, жез, алтын, күмүш, асыл таштар менен асемделген.
И. Молдобаев.