ЖАДГАЛ
ЖАДГАЛ , Ж и д г и л – тарыхый топоним, орто кылымдарда азыркы Чаткал өрөөнүндө жайгашкан өзөн, шаар, аймактык комплекстин (округ, облус) аталышы. Жадгал жөнүндөгү негизги маалыматтар араб, фарси тилдериндеги географиялык адабияттарда кезигет. Ал-Истахри (920-жыл) жадгалды өзөн ж-а Ферганага караган облус деп белгилейт. Ибн-Хаукал (10-кылым) боюнча жадгал– облус, анын борбору – Ардланкет. «Худуд ал-Алам» – «Ааламдын чыгыштан батышка чейинки чек аралары тууралуу китеп» (982–983-жылдарда жазылган автору белгисиз ) аттуу китепте жадгал – Фергананын тоо арасындагы бир району, анын чакан шаарлары, көп кыштактары, кендери бар экени, анда жылкы м-н кой асыралары айтылат. Кийин, 16-кылымда молдо Сайф-аддин Аксыкенти тажик тилинде жазган «Мажму-ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») эмгегинде жадгалда 3 шаар болгону баса белгиленет. Археологиялык изилдөөлөрдөн кийин Күлбөскан (байыркы Ардланкет), Үч-Булак, Чанчаркандагы эски коргондор 10–11-кылымдардагы ири шаарлардын орду, маанилүү тоо-металлургия комплекстеринин болгондугу ырасталды. Булардын ар биринде цитадель, шахристан, рабат болгон. Жадгал м-н Чаткал бир эле аталыштын эки түрдүү жазылышы. Араб алфавитинде «ч» тыбышынын жоктугунан араб-фарси адабияттарында номендин башкы тыбышы «ж» тамгасы м-н жазылган болуу керек (С. Өмүрзаков, 1982) деп божомолдонот.