ЖАДЕИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАДЕИ́Т – минерал, моноклин пироксени. Хим. формуласы NaAl(Si2O6). Өңү ак, көгүш, жашыл сымал, кээде түссүз. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6,5–7. Салыштырма салмагы 3,3–3,5. Сырткы көрүнүшү ж-а касиеттери боюнча нефритке өтө окшош. Жадеит жаратылышта аз кездешет. Метаморфизмделген тоотектерде пайда болот. Серпентиниттер ж-а граувактардын арасында таза түрүндө же кварц, альбит м-н линза түрүндө кезигет. Жадеит байыркы замандан бери зергерлик ж-а көркөмдүк-кооздоо иштеринде колдонулат.