ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ , у с у л и ж а д и д – 19–20-к-дын аралыгында Волга боюнда, Кав­каз, Түркстан, Кырг-н, Казакстанда ачылган мектептер. Ислам дининин идеологиясында ка­лыптанып калган эски ыкмадагы ж-а мазмун­дагы схоластикалык мектептердин (мис., «усу­ли кадим») ишин сынга алган жадидчилер жал­пы мектеп системасын ошол мезгилдин талабы­на ылайык өзгөртүүгө аракеттенишкен (к. Жа­дидизм). Жадидизмди негиздеген педагог, агар­туучу Исмаил Гаспринский ж-а аны колдоочу­лар жаңы үлгүдөгү реформаны ишке ашыруу максатында 25 миңден ашуун мектептерди ачыш-


кан. Ж. мектеби биринчи жолу Крымда ачы­лып (1884), кийин Түркстанга тараган. Анда мурда колдонулуп келген тамгалык-муундук усулдун ордуна тыбыштык-добуштук усул ж-а түшүндүрмө окуусу киргизилип, мындай ыкма м-н балдардын окуу ж-а жазуу сабаты тез жо­юлган. Жаңы усул б-ча мектептерде парта, дос­ка пайдаланылып (мурда тизелеп отурушуп, тактачага, тери бетине, кой же уйдун далы сөөк­төрүнө жазышкан), геогр. карталар колдонул­ган. Ж. м-нин ачылышына адегенде Пишпек, Токмок ж-а Каракол ш-на Казан, Уфа ш-нан 1901–02-ж. келишкен татар агартуучулары де­милгечи болушкан. Кийин кичине айылдарда да пайда болуп, 1909-ж. Чоң Кеминде Шабдан Жантай уулу «Шабдан медресесин», 1912-ж. Калпа ажы Курткада, Ыбыке уулу Канат м-н Өтөмбай Төрөгелдин манап Кочкор өрөөнүндө, Мали уулу Сагаалы Тоң болуштугундагы Туу­ра-Сууда (ал мектепте Казан м-н Уфадан билим алып келген И. Арабаев мугалимдик кылган), 1911-ж. Тооке уулу Байзак м-н Курман манап Жумгалда «Курмандын мектебин», Дүр Соо­ронбай уулу Чүйдө ж. б. жерлерде ачылган. Коч­кордогу Ыбыке уулу Канат ачкан мектеп-мед­ресе Талды-Булак деген жерде жыгачтан салы­нып, он бөлмөдөн турган. Алыстан келген бал­дар үчүн медресенин алдында жатакана да бол­гон. Анда Уфадагы «Галия» медресесин бүтүрүп келген Канаттын Ыскак деген уулу сабак бер­ген. Ал эми Жумгалдагы Курмандын он бөлмө­лүү, асты тактайланган мектебинде 100дөй ба­ла окуган. Чүйдүн Сайлык айылында салынган Дүрдүн мектебинин пайдубалы кыш, таштан са­лынып, жыгач материалдар м-н курулуп, үстү тунуке м-н жабылган. Бул мектепте Түн. Кырг-н­дын ар кайсы аймактарынан балдар келип оку­шуп, ошол мектептин жатаканасында туруш­кан. Ош ш-нда Фазылбек Касымов тарабынан мектеп ачылып, 60тан ашуун бала, Кара-Суу­дагы мектепте 20дай бала окуган. Куршабда (Өзгөн) Эраалы миңбашы Ташкенттен Гулан Зафари деген мугалим алдырып, мектеп ачса, Өзгөндүн өзүндө 1907-ж. Факриддин, Рахим молдолордун демилгеси м-н ачылган. Жалал- Абадда Мырзакул болуш Ж. м. үчүн атайын имарат салдырып, Бухарадан мугалимдерди алдырып, окууга шыктуу балдар үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Наманган­дагы атактуу Молдо Кыргыз медресесинде Нур­молдо Наркул уулу бир топ жылдар эмгекте­нип, кийин Ала-Бука, Аксы аймактарында жаңы усулдагы мектеп-медреселерде дин окуу­су м-н катар эле «алхоризмий» деп аталган эсеп, «айнаме» деп аталган агрономия, а. ч. мүнөзүн­дөгү сабактарды, чыгыш классиктеринин чыгар­маларын, о. эле алгачкылардан болуп, кыргыз тилинде билим берип, «Манас» айттырып окут­кан. 1905–06-ж. Жети-Өгүздүн Сары-Жон жай­лоосунда элдин көмөгү м-н Алдаш Молдо бала окутуу үчүн боз үйдө мектеп ачкан. Ал жалпы билим берүүчү сабактар м-н катар эле эне тилин окутууну көздөп, биринчи жолу араб арибинин негизинде кол жазма түрүндө кыргызча «Алип­пе» түзүп, бул туңгуч окуу куралы аркылуу бал­дардын сабатын ачып, аларды жазганга үйрөт­көн. Алдаш Молдо түзгөн «Алиппени» башка мугалимдер көчүрүп алып, жер-жерлерде сабак берүүдө колдонушкан. Кийин анын тажрыйба­сын И. Арабаев улантып, Уфада Сарсакеев де­ген казак студент м-н бирге, биринчи жолу кыргыз, казак балдарына арналган «Алип-бээ жаки төтө окуу» аттуу китебин жазып, аны 1911-ж. «Шарк» басмасынан чыгарышкан. Көп өтпөй эле ал «Жазуу өрнөктөрү» (сулуу жазуу­нун үлгүлөрү) деген окуу куралын 1912-ж. Орен­бург ш-нда чыгарган. Бул китептер казак, кыр­гыз мектептеринде чоң ийгилик м-н пайдала­нылган. Жаңы усулдагы мектептерде материал­дык, окуу-педагогикалык жактан, о. эле педа­гог адистердин аз болгондугунан кыргыз балда­ры кыйналып окушкан. Бирок буга карабастан, диний сабактар м-н катар жарандык (светтик) багыттагы билимдин берилиши, кыргыз элинин тарыхындагы олуттуу окуялардан болгон. Ушул мектептер аркылуу Россиядагы мусулман кал­кы, а. и. кыргыздар да европ. цивилизация м-н тааныша баштаган. Ж. м. Кырг-нда 20-к-дын башында билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Мектептин бүтүрүүчүлөрү кийин кыргыздын алдыңкы интеллигенциясынын не­гизин түзгөн.


Ад.: Измайлов А. Э. Очерки по истории советской школы в Киргизии. Ф., 1967; Машкевич А. А. Выдаю­щийся просветитель Исмаил Гаспринский и развитие прогрессивной педагогической мысли народов Востока во второй половине XIX века. Алматы, 2002; Байга­зиев С. Ала-Тоодогу агартуунун тарыхынын кыскача очерки. XVII кылымдан 1917-жылга чейин. Б., 2005. А. Кубатова.