ЖАДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАДЫ – малга чөп, саман (бакал), пая туурап берүү үчүн колдонулуучу чарба шайманы. Жадынын кескичинин уз.ундугу 60–80 см. Бир учу узун эки жал­пак темирдин арасына бекитилет да, жадыны көтөрүп-басып иштеткенде, көп кыймылдабай турган салмактуу жалпак дөңгөчтүн ортосуна оюп киргизилет. жадынын кескичинин сабы эки колдоп басууга ылайыкталып, жыгачтан жа­салат. Жадыда чөп, саман тууроо үчүн 2 адам иш­теген. Учурда жады м-н иштөө да механикалаш­тырылган.