ЖАЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЗ – кыш м-н жайдын аралыгындагы жыл мезгили. Жердин Түндүк жарым шарында жазгы күн-түн теңелүү мезгилинен (20- же 21-марттан) жайкы күн токтолууга (21–22-июнга) чейинки, Түштүк жарым шарда 23-сентябрдан 22-декабрга чейинки убакыт. Адатта Түндүк жарым шарда жаз мезгили – март, апрель, май, ал эми түштүктө – сентябрь, октябрь, ноябрь айларын камтыйт. Айрыкча жаз мезгили мелүүн алкактарда (абанын температурасынын көтөрүлүшү, кар катмарынын ж-а агын суулардагы муздун эриши, өсүмдүк м-н жаныбар дүйнөсүнүн тиричилигиндеги өзгөрүүлөр ж. б.) ачык байкалат.