ЖАЗГАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗГАК – Жалал-Абад облусунун Ноокен районун­дагы кыштак. Момбеков атындагы айыл округуна ка­раштуу. Бишкек – Ош автомобиль жолунун бо­юнда, деңиз деңгээлинен 620 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Масы кыштагынан 23 км батыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 55 км. Кыштак 1963-жылы негизделген. Калкы 3238 (2022); негизинен талаачылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП, тегирмен бар.