ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗЫ-КЕЧҮҮ КӨРҮСТӨНҮ – биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башын­дагы археологиялык эстелик. Коло дооруна таандык. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Көк-Бел ашуусунун эте­гинде, Бишкек–Ош жолунун эки тарабында жайгашкан. Көрүстөн төрт чарчы жана тегерек таш тосмолор менен курчалган байыркы 125 мүрзө. Көмүлгөн адамдардын сөөгү бүрүштүрүлгөн абал­да же өрттөлүп, күлү карапа идишке салынып, коргончонун ортосундагы чуңкурга көмүлгөн. Көрүстөндүн чуңкурларынын үстүңкү жээги таш­тар менен бекемделип, такталар менен жабылган. Көмүлгөн адамдардын карапа идиштерин, азем буюмдарын, коло сөйкөлөрүн жана башка буюмдарын кошо көмүшкөн. Карапалар ар кандай геометриялык тулку, оймо-чийме менен кооздолгон. 1970–1973-жылдары археолог Н. Г.Галочкина изилдеген.

Жазы-Кечүү көрүстөнүнөн табылган карапа идиш (б. з. ч. 2-миң жылдык).