ЖАЗЫ КОРУКЧАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗЫ КОРУКЧАСЫ – Ош облусунун Өзгөн районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Жазы суусунун жайылмасында, Өзгөн шаарына жакын. Аянты 5 миң га. Жайылмалардагы ка­мыш-чычырканактуу аймакты коргоо макса­тында 1975-жылы уюшулган. Анда кыргоол уялап, суучул канаттуулар кыштайт.