ЖАЗЫ (Өзгөн районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЗЫ , Я с с ы – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Жазы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1030 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 7 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 57 км. Калкы 2071 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.