ЖАИЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАИЛОВ Жумабек (26. 8. 1955-жылы туулган, Чүй облусу, Москва району, Предтеченка айылы) – экономика илимдеринин доктору (2002), профессор (2007). Айыл чар­басын пландаштыруу боюнча адис. КМУну бүткөн (1977). Кыргыз ССР ИА ЭИде илимий кызматкер (1977–89), Кыргызстан КП БКда кеңешчи (1989–91), «Кыргызагробизнес» борборунун гендиректору (1991–95), КРдин экономика министрлигинде бөлүм башчы (1996), КРдин Өкмөтүнө караштуу тышкы экономикалык байланыштар агентчилигинде эксперт (1996–97), 1997-жылдан КРдин Өкмө­түнө караштуу экономикалык стратегиялар борборунун директорунун орун басары. «Реформа» аттуу эл аралык илимий-экономикалык журналдын башкы редактору­нун орун басары. 47 илимий эмгеги, анын ичинде 4 моногра­фиясы жарык көргөн.

Эмг.: Производительность аграрного труда: резервы ускорения. Ф., 1989; Углубление аграрной реформы и проблемы развития агро-бизнеса (авторлош). Б., 2000; Развитие аграрного сектора в условиях ре­формирования. Б., 2002.