ЖАЙ
ЖАЙ – абанын температурасы эң жогору болуп турган жыл мезгили; климаттык сезон. Түндүк жарым шарда жайкы күн токтолуудан (21–22-июндан) же жайкы чилдеден күзгү күн-түн теңелүүгө (23-сентябрга) чейинки мезгил. Түндүк жарым шарда – июнь, июль, август, Түштүк жарым шарда – декабрь, январь, февраль айлары жай мезгили болот. Жай мезгилинин узактыгы климаттык ж-а фенологиялык сезон катары төмөнкү кеңдиктерден жогорку кеңдиктерди карай кыскарат. Экватордук алкакта жыл бою жай өкүм сүрөт. Субтропикте 5 ай, мелүүн алкакта 3 ай, уюлдук кеңдиктерде 1–2 айдан ашпайт. Кыргызстан аймагында жайында күн ысып, үшүк жүрбөйт, өсүмдүк вегетациясы токтобойт; кургакчылык да болот. Кыргызстанда бул түшүнүккө байланыштуу Жай-Терек (Базар-Коргон р-нундагы жердин аты) топоними бар. Кыргыздар жай мезгилин табыстан, жайдын толгон кезин ак жай деп да атайт.
Ө. Бараталиев.