ЖАЙЛООБАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЛООБАЕВ Назармат (1891, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Баймак айылы – 14.12. 1983, ошол эле жер) – алгачкы агартуучулар­дан, эл агартуунун отличниги (1936). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими (1946). Кокон шаарынан арабча билим алган. 1911-ж. Мончок-Дөбө айы­лындагы мечитте имам болуп, балдарды арабча окуткан. Бишкектеги пед. техникумду бүтүргөн (1932). 1924–34-жылдарда Ала-Бука районундагы Өрүктү, Кызыл-Ата айылдарында мектеп ачкан. Кы­зыл-Жар райондук элге билим берүү бөлүмүндө инс­пектор (1934), Ала-Бука районундагы мектеп­терде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, мек­тептин директору (1934–60) болгон. Ал тары­хый материалдарды, эски китептерди жыйнап («Раузатул сафа», «Тарихи Надира», «Мажму ат-таварих» ж. б.), Кыргыз ССР ИАнын кол жазмалар фондусуна өткөргөн. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сыйланган. Айылындагы мектепке ысмы ый­гарылган.