ЖАЙЛОО СОВЕТТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЛОО СОВЕТТЕРИ – 1927–1933-жылдардагы Кыргызстандын тоолуу аймактарында Совет бийли­гинин кыска мөөнөткө шайланган уюмдары. Мындай абал же жайлоолордун башкаруу бор­борунан алыс болушу жана калктын аздыгынан бардык малчыларга жетекчилик кылуу (билим берүү, медициналык жардам көрсөтүү, укук коргоо, мада­ний-агартуу жана башкалар) жай мезгилинде кыйынчы­лык туудурган. Мисалы, эң ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнүнө Казакстандын айрым район­дорунан да малчылар келип, жыл сайын алар­дын саны 6000 түтүнгө чейин жетип, өздөрүнүн туруктуу жашаган административдик-аймак борборлорунан алыс калышкан. Ошондуктан, алыс жердегилерди советтик жана партиялык уюмдар начар тейлеп же иш жү­зүндө жайлоолор уруулар боюнча бөлүштүрүлүп, та­лаш-тартыш көп болгон. Натыйжада, 1927-жылы 20-февралда Кыргыз АССР БАК «Жайлоо сове­ти жөнүндөгү убактылуу жобо» кабыл алган. Ошол эле жылдын жазында Суусамырда убак­тылуу Жайлоо советин уюштуруу жөнүндө токтом ка­был алынып, ал жайлоодо бийликти орнотуу, көчмөн малчыларды чарбачылык жана маданий жактан тейлөөнү максат кылган. Кантондук аткаруу комитети кандай укукка ээ болсо, Жайлоо советтери дал ошон­дой укук алып, Суусамыр, Алай, Көк-Ойрок, Арпада жана Ысык-Көлдүн сырттарында түзүл­гөн. Жапырт коллективдештирүүнүн башталган­дыгына жана жергиликтүү уюмдардын чыңдалганына байланыштуу 1933-жылы Жайлоо советтери райондук, айыл со­веттеринин курамына киргизилген.

К. Дүйшөналиев.