ЖАЙНАКОВ Апас

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙНАКОВ Апас (16. 3. 1960-жылы туулган, Баткен району, Орто-Боз айылы – 9.10. 2013-жыл, Баткен шаары) – обончу, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1995). 1981–1983-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамллекеттик филармониясынын алдындагы 2 жылдык студияда, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окуган. 1995–1997-жылдары Баткен элдик теат­рын жетектеген. 2001–2006-жылдары К. Скрябин атындагы агрардык университетте маданият таануу кафед­расында иштеген, 2006-жылдан Баткен облустук теат­рынын директору болуп иштеген. 50дөн ашык лирикалык, патриот­тук ырлардын автору, ай­рыкча «Кыргыз жери», «Өрүкзар», «Өзгөчөм», «Ак гүлүм», «Бийге ча­кыруу», «Кыргызымдын сулуу кыздары» жана башка чыгармалары белгилүү.

1988-жылы Польшада өткөн фольклордук топтордун бүткүл дүйнөлүк эл ара­лык фестивалынын лауреаты, республикалык «Студенттик жаз» фестивалдарынын, конкурстардын жеңүү­чүсү болгон. Азыркы Баткен облустук театрынын ачылышына жана түптөлүшүнө Апас Жайнаковдун түздөн-түз тиешеси бар. Анын эмгегинин арты менен театр бүгүнкүдөй ийгиликтерге жетишип, репертуарларын улам кеңейтип келүүдө. Апас Жайнаков каза болгондон кийин жамааттын демилгеси менен театрга анын ысымы ыйгарылган.