ЖАЙЧЫБЕКОВ
ЖАЙЧЫБЕКОВ Бекбосун Карабекович (27. 11. 1948-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Корумду айылы – 6. 9. 2024-жыл, Бишкек шаары) – сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1992). Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (2007). Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын (1972), Москва полиграфия институтун бүтүргөн (1982). «Мектеп» (1983–1989), «Кыргызстан» (1996–1997), «Адабият» (1989–1992), «Шам» (2005–2007), «Кут аалам» (2007–2010) басмаларында улук көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп иштеген. Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү сүрөтчүсү. Түркмөнстан, Беларуссия, Казакстан, Америка Кошмо Штаттары, Швейцария мамлекеттеринин китеп басмаларынын, ошондой эле «Сорос-Кыргызстан» фондунун китептерин көркөмдөөгө катышып, республикалык, эл аралык китеп конкурстарынын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон. Балдарга арналган жана окуу китептерин көркөмдөөдө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (2007), Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери (2007) наамдарын алган.
