ЖАЙЫЛГАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЙЫЛГАН – Талас облусунун Манас районундагы кыштак. Покровка айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 725 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыштагынан 3 км түндүк тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен 30 км. Кыштак 1900-ж. негизделген. Калкы 1332 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.