ЖАЙЫЛМА (Панфилов районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЖАЙЫЛМА – Чүй облусунун Панфилов районундагы кыштак. Панфилов айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 730 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кайыңды шаарчасынан 6 км түндүк тарапта. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 823 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, клуб бар. Кыштакта СССРдин эл артисти Т. Сейталиев туулган.