ЖАЙЫЛ КЫРГЫНЫ
ЖАЙЫЛ КЫРГЫНЫ – болжол м-н 1779- же 1780-жылдары Олуя-Ата, Талас аймагында болуп өткөн кандуу окуя. 18-кылымдын 2-жарымындагы Жуңгар хандыгынын жоюлушу ага себеп болуп, Олуя-Атадан (азыркы Тараз) Иле дарыясынын жээгине чейинки конуштар кыргыз казак ортосунда талаш маселеге айланган. 1764–65-, 1769-, 1773-жылдардагы бир нече жолку салгылашуулардан кийин (к. Абылай хандын кыргыздарга жортуулдары), сарыбагыштан Эсенкул баатыр, саяктан Качыке баатыр, солтодон Кебек бийлер кеңешип, Түлөбердини элчи кылып, казактар м-н тынч турууга макулдашкан. Бирок, мындай макулдашууга карабастан, солтодон Момокон, Жайыл баатыр, саяктан Садыр баатыр казактарды бир нече жолу чаап, Чолок-Коргон, Сузакка чейин жетишип, ошондой жортуулдардын биринде Абылай хандын жакын адамы (Улуу жүздүн Ботбай уруусундагы Кудайкул тукуму) өлтүрүлгөн. Натыйжада Улуу жүз казактары Абылай хандан жардам сурашканда, ал 12 миң кол м-н Түгүшкөн, Олуя-Ата тараптан кыргыздарга катуу чабуул жасаган. Бул чабуулда казактардын колу үчкө бөлүнүп – бир бөлүгү Таластын Капкасына, экинчиси Олуя- Атага аттанып, үчүнчүсү Корготу суусу тарапты чаап, бейкам жатышкан кыргыздар, өзгөчө солто, саруу, кушчу уруулары катуу жабыр тарткан. Садыр баатыр уулу Доскулу м-н Капкада колго түшөт. Солто уруусу Корготу суусунун жээгиндеги урушта курчоодо калып, Жамансарт уулу Бөрүбай баштаган азыраак гана бөлүгү кутулуп чыккан. Момокон, Жайыл, анын уулдары Үсөн, Теке, Итике ж-а Эсиркемиштин уулу Мурат сыяктуу белгилүү баатырлар колго түшүп, Момокон м-н Итикеден башкалары өлүм жазасына тартылган. Солто, саруу (көбү колпочтор), кушчу урууларынан көп адамдар кырылган. Бул жөнүндө «эрдигинен солто, эси жогунан колпоч кырылды» деген ылакап сөз калган. Туткунга түшкөндөрдү казактар көчүрүп кетип, алардын урпактары «бай кыргыз» деген ат м-н азыркыга чейин Казакстан Республикасында турушат. Жайыл кыргынына байланыштуу Жайыл баатырдын кызы Бегайым кошок кошкон. Бул окуялар белгилүү окумуштуу Ч. Валихановдун да эмгегинде эскерилген.
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Соч. в пяти томах, А., 1961. Т. 1; Сулейменов Р. Б., Моисеев В. А. Из истории Казахстана XVIII века. А., 1988; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993, Т. 1; Жайыл баатыр: история современность и будущее. Материалы научнопрактический конференции. Б., 2006; Алымбектин санжырасы. Б., 2007; Махаева А. Казак-кыргыз саяси байланыстарының тарихы (XVIII гасырдың екiншi жартысы – XX гасырдың бас кезi). А., 2007; Төлөбаев М., Оморов А., Бөкөев Б. Жайыл баатыр. Б., 2004–05, Т. 1, 2.
Э. Турганбаев.