ЖАЙЫЛ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЙЫЛ РАЙОНУ – Чүй обл-ндагы адм.-айм. бирдик (1993-ж. чейин Калинин району). 1927-ж.


уюшулган. Чыгышынан Москва, батышынан Панфилов, түштүгүнөн Суусамыр өрөөнүндөгү Суусамыр айыл округу, Нарын облусу, түш.-ба­тышынан бир аз бөлүгү Талас облусу, түндүгүнөн Казакстан м-н чектешет. Аянты 3,2 миң км2. Калкы 90,4 миң (2009), Кара-Балта ш-нын кал­кын кошкондо. Райондо 1 шаар, 13 айыл окру­гу, 36 кыштак бар. Борбору – Кара-Балта шаа­ры. Райондун аймагын негизинен Чүй өрөөнү (деңиз деңг. 500–1000 м бийиктикте) ж-а Кыр­гыз Ала-Тоосунун түн. капталы (эң бийик жери 4442 м) ж-а Суусамыр өрөөнүнүн эл отурукташ­кан түш. бөлүгү (2000–2400 м) ээлейт. Жери тоо­луу, түздүктүү болуп бөлүнөт. Кен байлыктары: курулуш материалдары, минералдуу булактар. Климаты континенттик, январдын орт. темп­расы Чүй өрөөнүндө –7,7°С, июлда 23,5°С, Суу­самырда январдыкы –22,3°С, июлдуку 13,5°С. Жылдык жаан-чачыны өрөөндө 430 мм, тоолор­до 600–800 ммге, Суусамыр өрөөнүндө 376 ммге чейин. Ири суулары: Чүй, Кара-Балта, Сууса­мыр, Батыш Каракол. Капчыгайларындагы суу жээктеринде бөрү карагат, чычырканак, ит му­рун, тал, байтерек ж. б-дан турган бадалдуу токой, тоо капталдарында арча кездешет. Ай­доо аянтына айлана элек айрым жерлеринде бетеге, шыбак өсөт. Өрөөндөрдө боз, тоо кап­талдарында кара күрөң ж-а кара, Суусамыр өрөнүндө коңур топурактар басымдуу. Райондо жашаган калктын 44,5%и шаарда (Кара-Бал­тада), калган 55,5%и айыл-кыштактарда жа­шайт. Жалпы калктын 47,4%ин эркектер, 56,2%ин аялдар түзөт. Негизинен кыргыз (48,3%), орус (38,9%), о. эле украин (5,6%), казак (2,2%), корей (1,9%), немис (1,9%) ж. б. улуттар жашайт. Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 29 адам (облуста 37) туура келет. Жалпы калктын 30,5%и (28,7 миң) 16 жашка чейинки жаштар, 15,5%и (24,6 миң) эмгек жашынан өткөндөр, 54,0%и (50,8 миң) эмгек курагындагылар. Эмгек курагындагылардын 32,6%и а. ч-да, 20,1%и ө. ж-да, 10,9%и соода­да, 4,3%и транспорт ж-а байланышта, 3,9%и курулушта, 11,9%и саламаттык сактоодо ж-а билим берүүдө ж. б. тармактарда эмгектенет.
Ж. р. – респ-дагы ө. ж. өнүккөн региондун бири. Уран ж-а алтын концентраттарын таза­лоочу, кант, ун, нан, сүт, консерва, электр-тех. буюмдар, спирт, кийим тигүү ж. б. ө. ж. про­дукцияларын чыгаруучу ишканалары бар. Ө. ж. ишканалары негизинен Кара-Балта ш-нда жай­гашкан. Алар: «Кыргызалтын» АКтын «Афи­наж өндүрүү» филиалы (2006-ж. 9025,8 млн сом­дук продукция өндүргөн), «Кара-Балта спирт за­воду» мамл. ишканасы (217,0 млн сом), «Кара- Балта тоо-кен комбинаты» АК (124,8 млн сом), «Кара-Балта СЭЗ» (64,5 млн сом), «Кара-Бал­та арагы» (42,1 млн сом), «Кара-Балта килем» (4,5 млн сом) ЖЧКлары «Кара-Балта нан заво-

ду» АК (2,8 млн сом) ж. б. Райондо 2005-ж. 10,0 млрд сомдук (облустун 55,9%) ө. ж. продукция­сы өндүрүлгөн.
А. ч-га жарактуу 231,9 миң га жердин (облус­тагы а. ч-га жарактуу жердин 17,5%и) 80 миң гасы айдоо аянты (18,8%), а. и. сугат жери 38,2 миң га (13,8%), кайрак жери 41,5 миң га (28,3%), көп жылдык бак-дарак аянты 0,9 миң га


(11,3%), чабынды 1,2 миң га, жайыт 149,8 миң га (облустагы жайыттардын 17,2%и). Айдоо жерлерге дан эгиндери, тех. өсүмдүктөр – кант кызылча, көк чай чөп, ажгон, тоют өсүмдүктө­рү, картөшкө ж-а бакча өсүмдүктөрү эгилет. 2005-ж. 23,0 миң уй, 55,0 миң кой-эчки, 7,0 миң жылкы, 14,9 миң чочко, 19,0 миң үй кушу бол­гон. Райондо 2006-ж. 10,1 миң т эт (тирүүлөй салмакта), 32,3 миң т чийки сүт, 8,9 млн даана жумуртка, 145 т жүн өндүрүлүп, 99,7 миң т дан эгиндери ж-а дан-буурчак, 21,6 миң т картөшкө, 24,0 миң т жашылча 24,8 миң т кант кызылча ж-а 2,8 миң т мөмө-жемиш жыйналган. Райондун аймагы аркылуу Чалдыбар – Биш­кек – Балыкчы темир ж-а автомобиль жолдо­ру, о. эле Бишкек –Ош (Төө-Ашуу тешкен тоо­су аркылуу) автомобиль жолу өтөт. Райондо автомобиль транспорту м-н 2006-ж. 1,0 млн т жүк ташылып, жүргүнчү ташуунун жүгүртүлүшү 147,4 млн жүргүнчү-километрге жеткен. Район­до калкка көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдүн жалпы көлөмү 368,7 млн сомду түзгөн (облустукунун 14,2%и).
Райондо жалпы билим берүүчү 25 мектеп (16 орто, 5 толук эмес орто, 4 башталгыч мектеп), 32 китепкана, 25 клуб ж-а мад-т үйлөрү иште­ген. Калктын саламаттыгын сактоодо 599 орун­дуу 3 оорукана, 11 айылдык дарыгерлер бөлүмү (участкалар) иштеп, 248 дарыгер, 854 мед. орто билимдүү кызматкер эмгектенет. Райондо 10 миң адамга 24,8 дарыгер, 60 койка-орун туура ке­лет. «Жаңы мезгил» («Новое время») гезити кыргыз ж-а орус тилдеринде чыгат.
Райондун чегинде туризмди өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөр бар. 6–15 к-га таандык тары­хый Шиш-Дөбө шаар чалдыбары, жаратылы­шы кооз Кара-Балта капчыгайы, Бишкек – Ош жолундагы Суусамыр жайлоосу, кыргыз элине белгилүү балбан – Кожомкул Каба уулунун (1888–1955) үй-музейи ж. б. объектилердин рек­реациялык мааниси зор. А. Актанова , А. Мырзаев.