ЖАЙЫТ
ЖАЙЫТ – мал жаюуга пайдаланылуучу от жер. Жайыт табигый ж-а эгилме (жасалма) болуп бөлүнөт. Кыргызстанда т а б и г ы й жайыттар тоолуу, адырлуу, талаалуу ж-а жарым чөлдүү жерлерде болгондуктан, климаттык шарттары ар башка, натыйжада чөбүнүн кунардуулугу түрдүүчө болот. Жайытта негизинен көп жылдык чөптөр, чала бадал ж-а бадалчалар өсөт. Э г и л м е жайытта көп жылдык ж-а бир жылдык чанактуу, дан уруктуу өсүмдүктөрдүн аралашмасы эгилет. Мезгилдик пайдаланылышы б-ча жазгы-күзгү жайыттар 2,6 млн, жайкы 3,8 млн, кышкы 2,2 млн гектар аянтты ээлейт. Жайыт – көк тоюттун негизги булагы. Жайытка малды чөбү жетилгенде жаят. Мал жайытта 150–170 күнгө чейин, айрым учурда жыл бою асыралат. Жайыттын кунардуулугун көтөрүү максатында атайын чаралар жүргүзүлөт, мисалы, которуштуруп пайдалануу, семирткич чачуу, сугаруу, чөп себүү, тосмолорду куруу ж. б. Эгилме жайыт кунардуу келип, экономикалык жактан көп пайда берет, мисалы, эгилме маданий жайытка өзгөчө саан уйларды эрте жаздан кеч күзгө чейин жайса болот. Эгилме жайыт жылына 500–600 цге чейин түшүм берет. Жайытты туура пайдалануу м-н мал чарбасынан сапаттуу ж-а арзан азык-түлүк алса болот.